НИКОСЙЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НИКОСЙЯ, Лефкосия - Кипр Респ-нын борбору. Кипр а-нын чок ортосунда, Месаория түздүгүндө жайгашып, түштүк-батышынан Троодос тоосу жана түндүгүнөн Кирения кырка тоосу менен курчалып турат. Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик. Эң салкын айы январдын орт. температурасы 10...15°С, июлдуку 10°С. Жылдык жаан-чачыны 500-1000 мм. Калкы 272,0 миң (2010). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Н. болжол менен биздин заманга чейинки 7-к-да негизделген. 16-к-дан Осмон империясынын курамында болгон. 1960-жылдын 16-августунан көз каранды эмес Кипрдин борбору. Тамак-аш, жеңил ө. ж. ишканалары иштейт. Университет, музейлер
(тарыхый жана архив, улуттук искусство), лапидарий (таштан буюм жасоо) бар. Готика стилиндеги Ыйык София собору (13-14-к.; учурда Селим мечити), Кудай эне жана августиндер чиркөөлөрү (экөө тең болжол менен 1330-жылы чен), рынок ансамбли, готика стилиндеги базилика (14-16-к-да кеңейтилген), «Фамагуста дарбазасы» (16-к.), Ыйык Ионн собору (1665-жылы кайрадан курулган, дубалга тартылган-сүрөттөр цикли, 1730-жылы чен), архиепископтор ак сарайы (1950-59) сакталган. Туризм өнүккөн.
