НИКОЛАЙ II: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НИКОЛАЙ II, Николай Александрович Романов [6(18). 5. 1868, Царское Село, азыркы Пушкин ш. - 17. 7. 1918, Екатеринбург] - Россиянын акыркы императору [21. 10(2. 11). 1894 - 2(15). 3. 1917], Александр Шнүн уулу. 1894-жылы Н. II гессен-дармштадт улуу герцогдун кызы - Алисага (Александра Фёдоровна) үйлөнгөн. Н. Пнин төрт кызы жана уулу - Алексей (1904) болгон. Мамлекеттик иш үчүн кем акылдык кылган, көшөрүп айтканын бербегендиги жана эрки жоктугу менен айырмаланган. Кийин мамлекеттик маселелердин көбүн ханыша чечип, Г. Е. Распутин сыяктуу авантюристтердин таасиринде калган. Ак сөөктөрдүн бийлигин чыңдоо үчүн

оокаттуу дыйкандарга таянууга (к. Столыпиндин агрардык реформасы), Мамлекеттик думаны түзүүгө (1906) аракеттенген. Н. Пнин мезгилинде революциячыл кыймыл күчөп, ал ага каршы армияны, полицияны, сотту, «полициялык социализм» чараларын пайдаланган, агрессиячыл тышкы саясатты активдештирген [к. Орус-япон согушу (1904-05Ц. Петербург жумушчуларынын тынчтык жүрүшүн аткандыгы үчүн [к. Тогузунчу январъ (1905)] «Канкор Николай» атка конгон. 1917-жылы Февраль революциясында 2(15)-мартта тактан баш тарткан, 8(21)-март Н. II үй-бүлөсү менен Александровск хан сарайында (Царское Село) камакка алынып, адегенде Тобольскиге, Октябрь революциясынын жеңишинен кийин Екатеринбургга айдалган. Урал обл. советинин токтому боюнча атылган.
Ад.: Воейков В. Н. С царем и без царя. 2-е изд. М., 1995; Боханов А. Н. Николай II. М., 1998.