НИКОЛАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НИКОЛАЕВ - Украинадагы шаар (1789-жыл­дан). Николаев облусунун администрациялык борбору. Түштүк Буг менен Ингул д-нын кошулган жеринде, Кара деңиз­деги Буг лиманында жайгашкан. Деңиз жана дарыя порту. Калкы 507,2 миң (2010). Т. ж. түйүнү. Машина жана кеме куруу, жеңил, тамак­аш-татымал ө. ж., глинозём заводу иштейт. Эки ЖОЖ, 3 театр, музейлер (край таануу, сүрөт, кеме куруу жана флот), обсерватория бар. Класси­цизм стилиндеги курулуштар (деңиз гимназия­сы, казарма; 18-к.), Никола чиркөөсү (19-к.) сак­талган.