МИКЕЛАНЖЕЛО Буонарроти: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (Lera «МИКЕЛАНЖЕЛО» барагын «МИКЕЛАНЖЕЛО Буонарроти» деп кайра атады) |

| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
МИКЕЛАНЖЕЛО Буонарроти ( | МИКЕЛАНЖЕЛО Буонарроти (Michelangelo Buonarroti) (6. 3. 1475, Тоскана, Капрезе шаары, азыркы Капрезе-Микеланжело - 18. 2. 1564, Рим, сөөгү Флоренцияга коюлган) - италян скульптору, сүрөтчү, архитектор жана акын. Микеланжелонун чыгармачылыгында Жогорку Кайра жаралуунун адамды сүйүүгө, баатырдык пафосуна сугарылган идеалдары, ошондой эле Соңку Кайра жаралуу доорундагы искусствого мүнөздүү дүйнөнү гуманисттик кабылдоодогу трагизм, пессимисттик маанай чоң көркөмдүк күч менен чагылдырылган.[[File:МИКЕЛАНЖЕЛО_1.jpg|thumb|left|МИКЕЛАНЖЕЛО Буонарроти ]] | ||

[[File:МИКЕЛАНЖЕЛО_2.jpg|thumb|Микеланжело. «Адамдын жаралышы». Ватикандагы Сикстин калелласынын плафонунун фрагменти.Микеланжело. «Давид». Мрамор. 1501- | Монументтүүлүк менен пластикалуулук, адам турпатынын сулуулугуна суктануу жана образдагы драматизм Микеланжелонун алгачкы чыгармачылыгына мүнөздүү касиеттер экени ачык байкалат. Микеланжело Римде «Христти жоктоо» (1498-1501, Римдеги ыйык Пётр собору) аттуу статуяны түзүп, жаш келиндин аза күткөн образы аркылуу салттуу готикага жаңы гуманисттик мазмун берген. 1501-жылы Микеланжело Флоренцияга келип, Давиддин эң зор статуясын (1501-1504; Академия галереясы, Флоренция) жараткан. 1505-жылы папа Юлий II Микеланжелону Римге кайра чакырып алган. Бул жерде скульптордун негизги шедеврлеринин бири болгон «Моисей» (1515-1516) аттуу статуяны чеккен.

| Микеланжелонун эң ири чыгармасы - Ватикандагы Сикстин капелласынын чамгарагындагы сүрөттөр (1508-1512). Бул сүрөттөрдүн сюжеттери Библиядан алынган. Ар бир пайгамбардын сүрөтү, периштелер композициясы боюнча ырааттуу иштелгенетикалык Кийин Микеланжелонун дүйнө кабылдоосу трагедиялуу мүнөз алып, Флоренциядагы Сан-Лоренцо чиркөөсүнүн Жаңы сакрист ансамбли (1520- 1534), Сикстин капелласынын алтардык дубалындагы «Тозок оту» фрескасы (1536-1541), «Христти жоктоонун» (1550-жылы чен - 1555) кийинки варианты жана башкалар жаралат. «Тозок оту» фрескасы жана башка чыгармалары кийинчерээк барокко | ||
стилинин өнүгүшүнө шарт түзгөн. | |||

[[File:МИКЕЛАНЖЕЛО_2.jpg|thumb|Микеланжело. «Адамдын жаралышы». Ватикандагы Сикстин калелласынын плафонунун фрагменти.Микеланжело.|left]]
[[File:МИКЕЛАНЖЕЛО_3.jpg|thumb|«Давид». Мрамор. 1501-1504. Академия галереясы. Флоренция.]]

Микеланжелонун архитектордук даанышмандыгы (1523-34) Римдеги Капитолий, ыйык Пётр собору жана башка архитектуранын өлбөс-өчпөс шедеврлеринен көрүнөт. Микеланжело кийинчерээк скульптура менен живопистен четтеп, көбүнчө үй куруучулук иши менен поэзияга көп кайрылган. Микеланжелонун поэзиясы оюнун тереңдиги жана бийик трагедиялуулугу менен айырмаланат. | |||

Ад.: Микеланджело и его время. Сб. ст. М., 1978; Дажина В. Д. Микеланджело. Рисунок в его

Ад.: Микеланджело и его время. Сб. ст. М., 1978; Дажина В. Д. Микеланджело. Рисунок в его

творчестве. М., 1986; Алпатов В. М. Поэзия Микеланджело//Поэзия Микеланджело. М., 1992.

творчестве. М., 1986; Алпатов В. М. Поэзия Микеланджело//Поэзия Микеланджело. М., 1992.

[[Category:5-том,_301-400_бб]] | [[Category:5-том,_301-400_бб]] | ||
25 ноябрь 2026, саат 06:36 учурдагы соңку нуска
МИКЕЛАНЖЕЛО Буонарроти (Michelangelo Buonarroti) (6. 3. 1475, Тоскана, Капрезе шаары, азыркы Капрезе-Микеланжело - 18. 2. 1564, Рим, сөөгү Флоренцияга коюлган) - италян скульптору, сүрөтчү, архитектор жана акын. Микеланжелонун чыгармачылыгында Жогорку Кайра жаралуунун адамды сүйүүгө, баатырдык пафосуна сугарылган идеалдары, ошондой эле Соңку Кайра жаралуу доорундагы искусствого мүнөздүү дүйнөнү гуманисттик кабылдоодогу трагизм, пессимисттик маанай чоң көркөмдүк күч менен чагылдырылган.

Монументтүүлүк менен пластикалуулук, адам турпатынын сулуулугуна суктануу жана образдагы драматизм Микеланжелонун алгачкы чыгармачылыгына мүнөздүү касиеттер экени ачык байкалат. Микеланжело Римде «Христти жоктоо» (1498-1501, Римдеги ыйык Пётр собору) аттуу статуяны түзүп, жаш келиндин аза күткөн образы аркылуу салттуу готикага жаңы гуманисттик мазмун берген. 1501-жылы Микеланжело Флоренцияга келип, Давиддин эң зор статуясын (1501-1504; Академия галереясы, Флоренция) жараткан. 1505-жылы папа Юлий II Микеланжелону Римге кайра чакырып алган. Бул жерде скульптордун негизги шедеврлеринин бири болгон «Моисей» (1515-1516) аттуу статуяны чеккен.
Микеланжелонун эң ири чыгармасы - Ватикандагы Сикстин капелласынын чамгарагындагы сүрөттөр (1508-1512). Бул сүрөттөрдүн сюжеттери Библиядан алынган. Ар бир пайгамбардын сүрөтү, периштелер композициясы боюнча ырааттуу иштелгенетикалык Кийин Микеланжелонун дүйнө кабылдоосу трагедиялуу мүнөз алып, Флоренциядагы Сан-Лоренцо чиркөөсүнүн Жаңы сакрист ансамбли (1520- 1534), Сикстин капелласынын алтардык дубалындагы «Тозок оту» фрескасы (1536-1541), «Христти жоктоонун» (1550-жылы чен - 1555) кийинки варианты жана башкалар жаралат. «Тозок оту» фрескасы жана башка чыгармалары кийинчерээк барокко
стилинин өнүгүшүнө шарт түзгөн.

Микеланжелонун архитектордук даанышмандыгы (1523-34) Римдеги Капитолий, ыйык Пётр собору жана башка архитектуранын өлбөс-өчпөс шедеврлеринен көрүнөт. Микеланжело кийинчерээк скульптура менен живопистен четтеп, көбүнчө үй куруучулук иши менен поэзияга көп кайрылган. Микеланжелонун поэзиясы оюнун тереңдиги жана бийик трагедиялуулугу менен айырмаланат.
Ад.: Микеланджело и его время. Сб. ст. М., 1978; Дажина В. Д. Микеланджело. Рисунок в его
творчестве. М., 1986; Алпатов В. М. Поэзия Микеланджело//Поэзия Микеланджело. М., 1992.