МАТИСС Анри Эмиль Бенуа: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Lera «МАТИСС» барагын «МАТИСС Анри Эмиль Бенуа» деп кайра атады) |
(Айырма жок)
| |
24 ноябрь 2026, саат 08:08 учурдагы соңку нуска
МАТИСС Анри Эмиль Бенуа (31. 12. 1869, Нор департаменти, Ле-Като - 3. 11. 1954, Ниццага жакын, Симьез) - француз живописчиси, график жана скульптор. 1891-жылдан Парижде Жюлиана академиясында, Жасалга искусство мектебинде (1893) жана Асем искусство мектебинде (1895-1899) окуган.
П. Гогенден, неоимпрессионизмден, эски араб жана япон сүрөт искусствосунан, байыркы орус иконаларынан таасирленген. 1915-жылдан кубизмдин таасиринде жүргөн. Матисстин негизги эмгектери: «Бий», «Музыка» (1910, Ленинград, Эрмитаж), «Сүрөтчүнүн өнөрканасы» (1911, Москва, А. С. Пушкин атындагы сүрөт искусство музейи), «Музыка сабагы» (1916-1917, Нью-Йорк, азыркы искусство музейи). Матисс монументалист катары да белгилүү.


Ад.: Сперлинг X. Матисс. М., 2011.