МАСТРОЯННИ Марчелло: нускалардын айырмасы
м (майда түзөтүү) |
м (Lera «МАСТРОЯННИ» барагын «МАСТРОЯННИ Марчелло» деп кайра атады) |
(Айырма жок)
| |
24 ноябрь 2026, саат 07:57 учурдагы соңку нуска

МАСТРОЯННИ Марчелло (Марчелло Винченцо Доменико) [28. 9. 1924 (23), Лоцио обл., Фрозиноне провинциясы, Фонтана-Лири - 19. 12. 1996, Париж] - италян актёру. 1947-жылы Римдеги университет театрында актёр, 1940-1950-жылдарыы Л. Висконтинин труппасында иштеген. Киного 1947-жылдан тартылган. Соңку жана «күлгүн» неореализм мезгилиндеги фильмдерге жана Висконтинин фильмдеринде (Кыялкеч, «Буурул түндөр»; Мерсо, «Бейтаныш») башкы ролдорду ойноп атагы чыккан. Мастроянни драмалык жана комедиялык да ролдорду бирдей аткарган. С. Лорен менен актёрдук дуэти дүйнөлүк кино өнөрүндө үлгү катары таанылган («Кечээ, бүгүн, эртең», «Итальянча никелешүү», «Күн карамалар» - В. Де Сики). Кинодо 150дөн ашык роль аткарып, улуттук мүнөздөрдүн галереясын түзгөн. 1970-1980-жылдарда Э. Скола («Ич күйдүлүк азабы», Канндагы Эл аралык кинофестиваль сыйлыгы; «Саат канча болду?», Венециядагы Эл аралык кинофестиваль сыйлыгы жана башкалар), Мастроянни Феррери («Ак аялга тийбе», «Пьеранын таржымалы» жана башкалар), Болоньин («Жакшынакай Антонио»), Л. Кавани («Тери» жана башкалар),
Н. С. Михалков («Кара көздөр», Канндагы Эл аралык кинофестиваль сыйлыгы) жана башка режиссёрлордун фильмдерине тартылган. Венециядагы Эл аралык кинофестивалдын «Кинематографиялык карьерасы үчүн» сыйлыгы арзыган (1990).
Ад.: Бьяджи Э. Красивая жизнь: М. Мастроянни рассказывает. М., 2007.