География:МАЙЛЫСУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:28 учурдагы соңку нуска

МАЙЛЫСУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Жалалабат облусунун Ноокен р-нундагы дарылык касиети бар жылуу суу. Избаскен кыш-нан 18 км түш.-чыгышта, Фергана тоо тизмегинин түш. этегинде, деңиз деңг.2100 м бийиктикте. Суу 1965-ж. терең бургулоо көзөнөктөрүн өткөөлдөөдө табылып, изилденген. Суу Избаскен нефтилүү антиклиналь түзүлүшүнүн батыш чет-жакасында жайгашып, палеоген мезгилинде пайда болгон кумдук ж-а чопо тектеринин (калыңд. 263 м) арасындагы акиташ тоотек катмарында топтолгон. Суулуу горизонттун астында юра-мезгилинин чопо, алевролит тектери, үстүндө кумдук ж-а чопо катмарлары жатат. Суунун темп-расы 21°С. Хим. составы б-ча хлорид-натрий-калий тибине кирет. Дебити 6,5 л/сек. Жалпы минералданышы 29–36 дан 57,5 г/лге чейин. Өңү саргыч, даамы ачуу-туздуу, күкүрттүү суутек жыттанат. Составында бром 0,024 мг/л; йод 0,015 мг/л; фенол 0,01 мг/л; орг. көмүр кычкыл газы 0,03 мг/лге чейин. 1 литр суудагы катиондор: Са –8,2; Мg – 0,28; Nа + К–13,2. Аниондор: С1– 35,6; НСОз–0,1; SО4– 0,07ге чейин. Муун ж-а тери ооруларын киринүү жолу м-н дарыласа болот.