География:ЖЫРГАЛАҢ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:28 учурдагы соңку нуска
ЖЫРГАЛАҢ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ– Ысыккөл облусунун Түп р-нундагы дарылык касиети бар минералдуу жылуу суу булагы. Каракол ш-нан 10 км түн. тарапта. Ысык-көлдүн чыгыш кылаасында, Жыргалаң суусунун куйган жерине жакын, деңиз деңг. 1624 м бийиктикте.1960-ж. табылган. Суу чыккан жерде антропогендин кумдук ж-а алевролиттен турган чөкмө тектери жатат. Минералдуу ысык суу (3000 м) тереңдиктеги палеозой тоо тектеринде пайда болуп, үстүнкү мезозой кабаттарына жарака аркылуу көтөрүлөт. Дебити 37,5 л/сек, темп-расы 46°С. Хим. составы хлорид-сульфат н атрийлүү, жегичтүү (рН=8,5) арашан сууларына кирет. Аксуу минералдуу суусуна окшош, бирок андан кремний кислотасынын аздыгы, фтор м-н кальций дин көптүгү м-н айырмаланат. Суу түссүз, жытсыз, даамсыз. Составында бир аз йод, бром, бор, молибден, жез, цинк, коргошун бар. Суу муун, булчуң ж-а нерв ооруларына шыбаа берет. Анын базасында Жыргалаң курорту иштейт. Имараттарды жылытууга, турмуш-тиричилик керектөөсүнө да пайдаланылат.