География:САЛАМАЛИК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |

| 1-сап: | 1-сап: | ||
САЛАМАЛИК – Түш. Кырг-ндагы кооз жер. Өзгөн р-нун аймагында. Жазы (Яссы) суусунун сол жээгинде, жапыз тоолуу жерден орун алган. Өзгөн ш-нан 34 км түн.чыгышта. Уз. 9–10 км, туурасы 3–4 км, аянты 40 км2. Деңиз деңг.орт. бийикт. 1270– 1700 м, эң бийик жери 2384 м (Акбашат чокусу). Бор ж-а юра мезгилдеринде пайда болгон кызыл, боз түстөгү чөкмө тектерден (кумдук, чопо, акиташ) турган коктуколоттуу, орто бийиктеги тоо басымдуу. | |||
Климаты мелүүн, июлдун орт. темп-расы 17°С, январдыкы – 6°С, жылдык жаан-чачыны 820 мм. Булак көп. Кара күрөң ж-а кара коңур топурактуу. С-тин ландшафттынын кооздугун ыңгайлуу орографиялык түзүлүшү ж-а неоген мезгилиндеги жылуу субтропиктик климаттык шартта өскөн торгой флорасынын азыркыга чейин сакталып калган ж-а тоолордун кырына чейин таралган жапайы жаңгак-жемиш токою түзөт. | Климаты мелүүн, июлдун орт. темп-расы 17°С, январдыкы – 6°С, жылдык жаан-чачыны 820 мм. Булак көп. Кара күрөң ж-а кара коңур топурактуу. С-тин ландшафттынын кооздугун ыңгайлуу орографиялык түзүлүшү ж-а неоген мезгилиндеги жылуу субтропиктик климаттык шартта өскөн торгой флорасынын азыркыга чейин сакталып калган ж-а тоолордун кырына чейин таралган жапайы жаңгак-жемиш токою түзөт. | ||
Анын арасында кыргыз алмасы, алча, бадам, сазкайың, акчечек, ыргай, аккайың, табылгы, долоно, шилби ж. б., ал эми токой арасындагы ачык аянттарда бийик чөптүү шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Жаңгак-жемиш токоюнун кызыл түстүү жарлар м-н айкалышкан көркү, жагымдуу климаты эс алууга, туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт. С.токоюнан жаңгак, алма ж-а бадам жемиши жыйналат. Саламалик суусунун боюнда эс алуучу жайлар бар. | Анын арасында кыргыз алмасы, алча, бадам, сазкайың, акчечек, ыргай, аккайың, табылгы, долоно, шилби ж. б., ал эми токой арасындагы ачык аянттарда бийик чөптүү шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Жаңгак-жемиш токоюнун кызыл түстүү жарлар м-н айкалышкан көркү, жагымдуу климаты эс алууга, туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт. С.токоюнан жаңгак, алма ж-а бадам жемиши жыйналат. Саламалик суусунун боюнда эс алуучу жайлар бар. | ||

[[Category:География, Тармактык Энц]] |

[[Category:География, Тармактык Энц]] | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:28 учурдагы соңку нуска
САЛАМАЛИК – Түш. Кырг-ндагы кооз жер. Өзгөн р-нун аймагында. Жазы (Яссы) суусунун сол жээгинде, жапыз тоолуу жерден орун алган. Өзгөн ш-нан 34 км түн.чыгышта. Уз. 9–10 км, туурасы 3–4 км, аянты 40 км2. Деңиз деңг.орт. бийикт. 1270– 1700 м, эң бийик жери 2384 м (Акбашат чокусу). Бор ж-а юра мезгилдеринде пайда болгон кызыл, боз түстөгү чөкмө тектерден (кумдук, чопо, акиташ) турган коктуколоттуу, орто бийиктеги тоо басымдуу. Климаты мелүүн, июлдун орт. темп-расы 17°С, январдыкы – 6°С, жылдык жаан-чачыны 820 мм. Булак көп. Кара күрөң ж-а кара коңур топурактуу. С-тин ландшафттынын кооздугун ыңгайлуу орографиялык түзүлүшү ж-а неоген мезгилиндеги жылуу субтропиктик климаттык шартта өскөн торгой флорасынын азыркыга чейин сакталып калган ж-а тоолордун кырына чейин таралган жапайы жаңгак-жемиш токою түзөт. Анын арасында кыргыз алмасы, алча, бадам, сазкайың, акчечек, ыргай, аккайың, табылгы, долоно, шилби ж. б., ал эми токой арасындагы ачык аянттарда бийик чөптүү шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Жаңгак-жемиш токоюнун кызыл түстүү жарлар м-н айкалышкан көркү, жагымдуу климаты эс алууга, туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт. С.токоюнан жаңгак, алма ж-а бадам жемиши жыйналат. Саламалик суусунун боюнда эс алуучу жайлар бар.