География:КӨКЖАЙЫК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:28 учурдагы соңку нуска

КӨКЖАЙЫК – Ысыккөл өрөөнүндөгү кооз жер. Жетөгүз суусунун ортоңку агымында жайгашкан. Жетөгүз р-нун аймагында. Таманынын уз. 3 км, туурасы 1 кмдей. К. Тескей Алатоонун бийик бөлүгү м-н орто бийиктиктеги Көкбел тоосунун ортосунда кеңдик багытында созулуп жаткан байыркы өрөөндүн бир бөлүгүн ээлейт. Жетөгүз өрөөнүнүн тегиз ж-а жайык бөлүгү. Өрөөн аркылуу Жетөгүз суусу агып өтөт. Т аманы жантайма (5–10°) түздүк, асты палеогендин кызыл түстүү тектерине, үстү байыркы мореналарга, флювиогляциалдык чөкмөлөргө, о. эле аллювий-пролювий тектерине толгон. Ктын башы (түш.-чыгыш тарабы) байыркы өрөөн мөңгүсү жаткан тепши сымал өрөөн, түндүгүндө Көкбел тоосун Жетөгүз суусу кесип өтүшүнөн пайда болгон антецденттик кууш капчыгайга өтөт. Өрөөндүн капталдарына кыска кокту, сайлар мүнөздүү. Климаты мелүүн континенттик; июлдун орт. темп-расы 13°С, январдыкы – 7,5°С. К. шиберлүү ж-а токойлуу (карагай, бадалдуу) кооз ландшафты м-н өзгөчөлөнөт. Маанилүү жайкы жайыт. Эс алууга ыңгайлуу. Мында малчылардын майрамы, улуттук оюндар өткөрүлүп турат. Жайкы туризм өнүккөн. К. формасы жагынан чыгыш жагы ачык табийгый стадион сыяктуу жер. Түш. ж-а батыш капталдары калың карагайлуу токой, түндүгү кызыл аскалар, ортосу көк шиберлүү түздүк. Кийинки жылдарда түз жерлерге карагай отургузулуп, табийгый кооздук бузулган. Түн. жагынан К-ка келе жатканда «жарылган жүрөк» деген кооз кызыл аска көрүнөт. Өрөөнгө авт. жолу жетет. К-тан 4–5 км төмөнүрөөк «Жетөгүз» курорту жайгашкан.