География:ТАШКӨМҮР ҮҢКҮРҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:28 учурдагы соңку нуска
ТАШКӨМҮР ҮҢКҮРҮ – мезолит мезгилине таандык археол. эстелик. Узунакмат тоосунун акиташ теги чыккан жеринде, Карасуунун (Нарындын оң куймасы) чатынан 0,5 км өйдө (сол жээгинде) жайгашкан. Анын уз. 14,5 м, туурасы 6,5 м (жазы жери), оозунун бийикт. 6 м. Кире беришинде туурасы 5,5 м келген ыңгайлуу аянтча бар. Изилденген жерден (1,1 м тереңдиктен) көп таш курал, кыргыч, кичинекей пластина, урчуктуу таштар табылган.