География:«КАСТАНЬЕ» ҮҢКҮРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:28 учурдагы соңку нуска

«КАСТАНЬЕ» ҮҢКҮРҮ, А л а м ы ш ы к ү ң к ү р ү – Аламышык тоосунун түн.капталында жайгашкан. Нарын р-нун аймагында. Нарын ш-нан 10 км батыш тарапта. Акиташ тектүү катмарда пайда болгон. Жалпы уз. 163 м, туурасы 4 м, бийикт. 2,5 мге чейин. Оозу 0,7 Ч 1,5 м. Үңкүр ийри-буйру жайгашкан. Үңкүр байыртадан белгилүү. Ал 19-кылымдын 70-жылдарында биринчи жолу Ю. Скайлер тарабынан эскерилет. Жерг. эл үңкүр м-н көптөгөн уламыштарды байланыштырат. Кооздук үчүн кеңири пайдаланылган мрамордун оникси көп табылган. Үңкүрдү 1899-ж. алгачкы жолу сүрөттөп жазган, Орто Азияны изилдөөчү И. Кастаньенин ысымынан аталган.