География:ТОҢ (АКСАЙ) БУЛУҢУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

ТОҢ (АКСАЙ) БУЛУҢУ — Ысыккөлдүн түш . жээгиндеги булуң. Бөкөнбаев кышнан 11 км түн .-батышта. Булуңга Аксай м-н кошулуп, Тоң суусу куят. Булуң голоценде көлдүн деңгээли көтөрүлүп, Тоң суусунун өрөөнүн суу жайпап калышы- нан пайда болгон. Өрөөндүн суу астындагы уландысы 110 м тереңдикке чейин жетет. Булуңдун уз . 3,2 км, туурасы кире беришинде 2,1 км, тереңдиги 60 м. Жээги бийик болгондуктан шамал м-н толкундан ыктоо жайгашкан. Жээги тик, тектирлүү; шагыл таштан, кумайлуу чопо тектеринен турат. Жээгинин көп жери суу м-н жемирилген . 3 м бийиктиктеги урчуктарды улай кумдук ж-а конгломераттардын жалпак сыныкчалары үйүлүп жатат. Жогорку плейстоценде түзүлгөн «бийик тектирлер» 1620–1650 м бийиктикте кездешет. Алар катмарлуу бозомук жашыл кумдардан турат. Тоң суусунда севан жилингири ж-а ысыккөл көк чаары көбөйтүлө турган балык заводу бар. Т аманын хара балыры м-н кара баткак ээлейт.