География:БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ, К ө т м а л д ы б у л у ң у – Ысыккөлдүн эң ири булуңу; анын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Чырпыкты кыш-нан меридианы б-ча кеткен 100 м изобат сызыгы булуңдун табигый чыгыш чеги болуп саналат. Уз . 34 кмге чейин, эң кууш жери Торайгыр ж-а Туурасуу жарым аралдардын аралыгында 13,5 км. Булуңдун батышынан чектеген Балыкчы түздүгү саздак келип, кумдук-чопо, шагыл таш тектеринен түзүлгөн; камыштуу. Түндүгүндөгү ж-а түштүгүндөгү аккумуляциялык жээктеринде чычырканак өсөт. Жарым чөлдүү жээгиндеги Бозбармак тоосунун чыгыш капталынан, 1620–1640 м бийиктен көлдүн жогорку деңгээлинин издери байкалат. Бозбармактын чыгыш уландысы кенен сайроон түрүндө суу астында жатат (10 м изобат сызыгы жээктен 3–5 кмге чейин жетет). Булуңга туруктуу суу куйбайт; мезгили м-н гана Торайгыр ж-а Туурасуу сайларынан суу акканы байкалат. Мурда Чүй д-нын ийилген жериндеги саздак нук аркылуу Ысыккөлгө суу куюп турган деген илимий болжол бар. (к. Бууган, Көтмалды, Ысыккөл макалаларын). Көлдүн деңгээлинин төмөндөшүнөн булуңдун аянты да кичирейүүдө; 1857-жылдан 1984-ж . чейин булуңдун суусу тартылып, кургактыкка айланган жердин аянты 10 км2ге жеткен. Булуңдун таманында суу астындагы эки өрөөн (нук) бар, алар мурда көлдүн деңгээли 110 м тереңдикте болгон мезгилде жаралгандыгы аныкталган. Өрөөндүн бири Көтмалды нугунун чатынан башталып, булуңдун чыгышында 90 м тереңдиктен бүтөт. Анын эң жазы жери 600 м, чуңкурдугу башталышында 5–6 м, орто бөлүгүндө 20 мдей. Көтмалдынын нугуна суу астындагы өрөөндүн уланып жатышына байланыштуу айрым илимпоздор аны Чүй д-нын мурдагы нугу деп аныкташса, башкалары ал Ысыккөлгө куйган өзөнчө суунун нугу деген пикирге келишүүдө. Экинчи өрөөн (нук) Туурасуунун уландысы; ал 10 м тереңдиктен башталып, 120 м тереңдиктен бүтөт; туурасы 1,0–1,2 км, чуңкурлугу 40 мге чейин. Булуңдун аймагы Ысыккөл өрөөнүндөгү эң кургакчыл жер болгондуктан мында буулануу да кескин жогору (жылына 900 ммден ашык). Б б-на саат жебесинин багытына каршы аккан өзөнчө циклондук суу айлампасы мүнөздүү. Август-октябрь айларында батыштан соккон «улан» шамалынан кийин саат жебеси б-ча аккан антициклондук циркуляция агымы пайда болот; шамалдын таасиринен булуңдун деңгээли 30 смге чейин өзгөрүп (тартылуу, көтөрүлүү толкундары), шамал басылгандан кийин мезгил-мезгили м-н сейши кубулушу байкалат. Булуңдун түбүндө (35-40 м тереңдикте) негизинен «хара» балырлары өсөт. Бул балырлар чирип, күкүрттүү суутек жыттанган автохтон кара баткагын пайда кылат. Баткактын запасы мол болгондуктан дарылоодо ж-а чарбада (жер семирткич катары) мааниси зор. Чабак, сазан, карп, о . эле маринка балыктары бар. Жээгинде Балыкчы ш . ж-а пристаны жайгашкан. С. Өмүрзаков.