География:КАРАБУУРА СУУ САКТАГЫЧЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КАРАБУУРА СУУ САКТАГЫЧЫ Талас суусунун өрөөнүндө. 1965-ж . курула баштап, 1975-ж . ишке киргизилген. Негизинен сугатчылыкта пайдаланып, ө . ж . ишканаларын суу м-н камсыз кылат. Суу агымын сезон б-ча жөнгө салып турат. Уз. 14 км, эң жазы жери 3 км, эң терең жери 72 м, суу толгондогу аянты 28,6 км2. Сыйымдуулугу 550 млн м3. Талас облусунун 142 миң га жерин, Казакстандын айрым р-нун 60 миң га жери сугарылат. Плотинасынын уз. 258,5 м, эң бийик жери 83,7 м. Гидротех . курулушу татаал. Өлкөдөгү контрфорс тибиндеги курулган тунгуч плотина. Бири-бирине тутумдашкан 10 бөлүктөн турат (ар биринин туурасы 22 м). Суу сактагыч V формасында.