География:ЭКИЧАТ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

ЭКИЧАТ МӨҢГҮСҮ — Борб. Теңиртоодогу Көөлү кырка тоосунун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сарыжаз суусунун оң куймасы Теректинин алабында жайгашкан. Уз. 4,1 км, аянты 10,4 км2, абляция облусунун аянты 3,2 км2. Башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4160 м. Фирн облусу оң жак капталда. «Тилинде» ортоңку моренанын үч тилкеси жатат. Сол тарабындагы мөңгү 1956-ж. чейин анын бир тармагы болгон, азыр ал 180 мдей тартылып, өзүнчө мөңгүнү түзөт. Мөң гүдөн Теректи суусунун оң куймасы Экичат суусу башталат.