География:МҮДҮРҮМ МӨҢГҮЛӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

МҮДҮРҮМ МӨҢГҮЛӨРҮ — Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы өрөөн тибиндеги ири 3 мөңгү (Батыш, Ортоңку ж-а Чыгыш М. м.). Мүдүрүм суусунун сол куймалары Болгонду м-н Тешикчаптын аралыгындагы өзөндүн төрүндө жайгашкан. Б а т ы ш мөңгүсүнүн уз.4.4 км, аянты 4,4 км2. Башы деңиз деңг. 4460 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Абляция облусунун аянты 0,6 км2. О р т о ң к у мөңгүнүн уз. 4,3 км, аянты 4.5 км2. Башы 4660 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Бул мөңгүлөр жаткан цирктердин төрлөрүндө кардын калың топтолушуна батыштан соккон шамалдын таасири зор. «Тилдеринин» бети тегиз; кар чеги 4280 м бийиктикте. Ч ы г ы ш мөңгүсүнүн уз. 4,4 км, аянты 8 км2. Мөңгү жайык цирктин таманында жатып (эни 600 м), этеги 4000 м бийиктиктен бүтөт. Куралуу облусу бири-биринен жапыз урчуктар м-н бөлүнгөн 3 камерадан турат. Каптал мореналары кар чегинен башталат. Этегинде бардык мореналар кошулуп, мөңгүнүн «тилинин» учун кууш дого сымал курчайт. Мөңгүлөрдөн башталган суу Мүдүрүмгө сол тараптан куят.