География:КИЧИ СУУКТӨР МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

КИЧИ СУУКТӨР МӨҢГҮСҮ — Какшаал кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 6,5 км, аянты 9,0 км2. Акшыйрак суусунун оң куймасы. Жаңарттын алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат. Этеги бири бирине улай жаткан бир нече морена жалчасы м-н курчалган. «Тилинин» сол четинде кар көчкүлөрүнүн конустары жатат. Мөңгүдөн Кичи Сууктөр өзөнү агып чыгып, Жаңарттын оң куймасы – Сууктөргө сол жактан куят.