География:КИЧИ ЖАРГЫЛЧАК МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КИЧИ ЖАРГЫЛЧАК МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги чакан мөңгү. Уз. 3,4 км, аянты 3,9 км2. Кичи Жаргылчак суусунун төрүнөн (оң тарабында) орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4370 м, этеги 3460 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3820 м. Абляция облусунун аянты 1,4 км2. Батышты карай созулган кеңири куралуу облусуна ээ. Кар көчкү жүрүп турат. «Тили» жазы ж-а кыска келип, 25°ка эңкейиш. Мөңгүдөн Кичи Жаргылчак суусу башталып, Ысыккөлгө куят.