География:КАРАКАМАН МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

КАРАКАМАН МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түш. капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Кичи Нарын суусунун алабында, Чоң Каракаман ж-а Кичи Каракаман сууларынын суу бөлгүчүнүн чыгыш жак капталында жайгашкан. Уз. 3,6 км, аянты 5,7 км2. Башы деңиз деңг. 4510 м, этеги 3910 м бийиктикте жатат. Бул мөңгү Кичи Каракаман өзөнүнүн алабындагы 26 мөңгүнүн эң ириси. Мөңгүнүн бетинде тоо тектердин сыныктары сейрек кезигет. Андан агып чыккан суу Каракаман суусунун оң курамы – Кичи Каракаманга кошулат.