География:БУЛАКСУУ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
БУЛАКСУУ МӨҢГҮСҮ Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталында. Уз. 5,2 км, аянты 3,3 км2, көлөмү 0,1 км3. Абляция облусунун аянты 1,3 км2. Б. м. Корженевский мөңгүсүн түн.-батыштан тороп турган тоо тармагынын Чоң Алай кырка тоосуна тутумдашкан жеринен орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5300 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м. Куралуу облусу үч тарабы бийик беттер м-н курчалган төр. Этеги аяккы мореналар м-н торолгон. Мөңгүдөн Кызылагын суусунун курамы Булаксуу башталат.