География:АЛЬПИНИСТ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

АЛЬПИНИСТ МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Кайыңды кырка тоосунун чыгыш учунун түш. капталында. Уз. 5,6 км, аянты 3,5 км2. Теректи суусунун (Көйкаптын куймасы) башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5520 м, этеги 3940 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийикт. 4510 м. Абляция облусунун аянты 1,2 км2. Мөңгү күнгөйдө жайгашкандыктан тез эрип, тартылууда. Калың этек моренасы негизги мөңгүнүн четине чейин созулуп жатышы, мурда ал Көйкап мөңгүсүнөн бир тармагы болгондугун айгинелейт. Андан башталган суу Көйкап мөңгүсү аркылуу Теректиге куят.