География:АКСУУ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

АКСУУ МӨҢГҮСҮ — Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 11,4 км, аянты 17,4 км2, абляция облусунун аянты 4.6 км2. Көлөмү 1,6 км3. Исфара суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4500 м, этеги 3140 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3680 м. Этегинин 3,4 кмдей жери калың шагылдуу мореналар м-н капталган. Дого сымал аскалуу тик капталдардан салаалаган мөңгү тармактары кошулуп, бир чоң татаал мөңгүнү түзөт. Четки ж-а аякы мореналар жакшы өөрчүгөн. Мөңгү жылына 10–15 мге чегинүүдө. Андан Аксуу суусу башталып, Исфаранын сол курамы Каравшинге куят.