География:ЫСЫККӨЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
1-сап: 1-сап:
[көлдүн азыркы аты байыркы түрк тилиндеги ысык // ызык. (варианттары idug, ыйык, ызых, ыдык, ытык) сөзүнө байланыштырып, ал ыйык, керемет, азиз, курман, фетиш деген маани берет] – Кырг-ндагы эң ири көл ж-а дүйнөдөгү тоо көлдөрүнүн ирилеринин бири. Респ-нын түн.-чыгышында жайгашкан. Күнгөй ж-а Тескей Алатоолору м-н курчалган кеңдик багыттагы кенен ойдуңдун таманын ээлеп, көлдүн бети деңиз деңг. 1 608 м бийиктикте жатат. 1 968–жылкы батиметриялык ченөөлөр б-ча көлдүн уз. 178 км, туурасы 60,1 км, жээк сызыгынын уз. 6 88 км, орт. терең ди ги 278,4 м, э ң терең жери 668 м, аянты 6236 км2, суусунун көлөмү 1738 км3. Андан бери көлдүн деңгээли 1,1 мге төмөндөгөндүктөн аянты 50 км2ге, суусунун көлөмү 7 км3ге азайган (1986). Үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү мезгилинде (1927-86) анын деңгээли 3 мге, б. а. жыл сайын 5,1 смге бөксөргөн. Бирок айрым мезгилде (1956–60; 1981–82-ж.) көлдүн деңгээли бир аз (30 смге чейин) көтөрүлгөн. Ысыккөл жайгашкан тоо арасындагы тектон. ойдуң мегасинклинорий.
<strong>ЫСЫККӨЛ</strong> [көлдүн азыркы аты байыркы түрк тилиндеги ысык // ызык. (варианттары idug, ыйык, ызых, ыдык, ытык) сөзүнө байланыштырып, ал ыйык, керемет, азиз, курман, фетиш деген маани берет] – Кырг-ндагы эң ири көл ж-а дүйнөдөгү тоо көлдөрүнүн ирилеринин бири. Респ-нын түн.-чыгышында жайгашкан. Күнгөй ж-а Тескей Алатоолору м-н курчалган кеңдик багыттагы кенен ойдуңдун таманын ээлеп, көлдүн бети деңиз деңг. 1 608 м бийиктикте жатат. 1 968–жылкы батиметриялык ченөөлөр б-ча көлдүн уз. 178 км, туурасы 60,1 км, жээк сызыгынын уз. 6 88 км, орт. терең ди ги 278,4 м, э ң терең жери 668 м, аянты 6236 км2, суусунун көлөмү 1738 км3. Андан бери көлдүн деңгээли 1,1 мге төмөндөгөндүктөн аянты 50 км2ге, суусунун көлөмү 7 км3ге азайган (1986). Үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү мезгилинде (1927-86) анын деңгээли 3 мге, б. а. жыл сайын 5,1 смге бөксөргөн. Бирок айрым мезгилде (1956–60; 1981–82-ж.) көлдүн деңгээли бир аз (30 смге чейин) көтөрүлгөн. Ысыккөл жайгашкан тоо арасындагы тектон. ойдуң мегасинклинорий.
Ал Түн. Теңиртоо структуралык-фациялык зонасына кирет. Тектон. өнүгүшү протерозойдо ж-а палеозойдун башы ченде башталып, азыркы түзүлүшүнүн негизги сөлөкөтү палеогендин аягы – неогенде альп орогенинин убагында калыптанган. Алгачкы Ы. плиоцендин башында пайда болгон.
Ал Түн. Теңиртоо структуралык-фациялык зонасына кирет. Тектон. өнүгүшү протерозойдо ж-а палеозойдун башы ченде башталып, азыркы түзүлүшүнүн негизги сөлөкөтү палеогендин аягы – неогенде альп орогенинин убагында калыптанган. Алгачкы Ы. плиоцендин башында пайда болгон.
Плиоцен, плейстоцен ж-а голоцен мезгилдеринде тектон. кыймылдан ж-а климаттык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында көлдүн деңгээли циклдик тартылууларга ж-а кайра көтөрүлүүлөргө дуушар болгон. Ыдүн түбү түзүлүшү жагынан 4 морфологиялык элементтен турат: суу түпкүрүндөгү түздүк ж-а 3 тектир комплекси. Суу түпкүрүндөгү түздүк көлдүн түш. тарапка бир топ ыктаган борб. бөлүгүн ээлеп, 660–350 м тереңдиктерде жатат (абиссалдык түздүк). Төмөнкү тектир (материктик каптал) көл чанагынын ортосун карай эңкейиштеген бөлүгүндө (200 мден 300–350 м тереңдикке чейин), плиоцендин аягында пайда болуп, анын таманын түпкүрдөгү түздүк улап кетет. Ортоңку 110–150 м тереңдиктеги айдөөш тектир плейстоцендин башында пайда болгон. Жогорку тектир комплексине сайроон (Одөн 30–50 мге чейин) ж-а жогорку кырчоонун кашаты (анын таманы 110 м тереңдикте) кирет. Бул жерден голоцен тартылуусундагы көлдүн тереңдигин чагылдырган каньондор бүтөт. Жогорку тектир комплексин кесип өткөн каньондор кургактагы суу өрөөндөрүнүн уландысы. Жыргалаң өрөөнүнүн көл түбүндөгү уландысы батышты карай 25 кмге созулат; каньонунун тереңд. 4 0 м, туурасы 2 км. Көл кылаасы көбүнчө жапыз, кум-шагылдуу, бир аз эңкейиш, тегиз түздүк. Бул аккумуляциялык рельеф Ы-дүн күнгөйүнө, чыгыш ж-а түш.-чыгышына мүнөздүү. Бийик жардуу жээктер өзгөчө көлдүн түш., түш.-батыш тарабында. Түндүктө Күнгөйдү экиге бөлүп турган Кессеңир тоосу бар. Составы жагынан көл жээктери органогендик, хемогендик ж-а терригендик болуп бөлүнөт. Алардын ичинен терригендик чөкмөлөр (кум, шагыл, чопо, тунма ылай) басымдуу. Кумдуу кылаа (320 км) Ысыккөл жээктеринин 55,2%ин, тунма ылай-фитогендик – 18,8%ин түзөт. Камдашкан чоң келки, узун кумдуктар (литификаттар) да кезигет.
Плиоцен, плейстоцен ж-а голоцен мезгилдеринде тектон. кыймылдан ж-а климаттык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында көлдүн деңгээли циклдик тартылууларга ж-а кайра көтөрүлүүлөргө дуушар болгон. Ыдүн түбү түзүлүшү жагынан 4 морфологиялык элементтен турат: суу түпкүрүндөгү түздүк ж-а 3 тектир комплекси. Суу түпкүрүндөгү түздүк көлдүн түш. тарапка бир топ ыктаган борб. бөлүгүн ээлеп, 660–350 м тереңдиктерде жатат (абиссалдык түздүк). Төмөнкү тектир (материктик каптал) көл чанагынын ортосун карай эңкейиштеген бөлүгүндө (200 мден 300–350 м тереңдикке чейин), плиоцендин аягында пайда болуп, анын таманын түпкүрдөгү түздүк улап кетет. Ортоңку 110–150 м тереңдиктеги айдөөш тектир плейстоцендин башында пайда болгон. Жогорку тектир комплексине сайроон (Одөн 30–50 мге чейин) ж-а жогорку кырчоонун кашаты (анын таманы 110 м тереңдикте) кирет. Бул жерден голоцен тартылуусундагы көлдүн тереңдигин чагылдырган каньондор бүтөт. Жогорку тектир комплексин кесип өткөн каньондор кургактагы суу өрөөндөрүнүн уландысы. Жыргалаң өрөөнүнүн көл түбүндөгү уландысы батышты карай 25 кмге созулат; каньонунун тереңд. 4 0 м, туурасы 2 км. Көл кылаасы көбүнчө жапыз, кум-шагылдуу, бир аз эңкейиш, тегиз түздүк. Бул аккумуляциялык рельеф Ы-дүн күнгөйүнө, чыгыш ж-а түш.-чыгышына мүнөздүү. Бийик жардуу жээктер өзгөчө көлдүн түш., түш.-батыш тарабында. Түндүктө Күнгөйдү экиге бөлүп турган Кессеңир тоосу бар. Составы жагынан көл жээктери органогендик, хемогендик ж-а терригендик болуп бөлүнөт. Алардын ичинен терригендик чөкмөлөр (кум, шагыл, чопо, тунма ылай) басымдуу. Кумдуу кылаа (320 км) Ысыккөл жээктеринин 55,2%ин, тунма ылай-фитогендик – 18,8%ин түзөт. Камдашкан чоң келки, узун кумдуктар (литификаттар) да кезигет.

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

ЫСЫККӨЛ [көлдүн азыркы аты байыркы түрк тилиндеги ысык // ызык. (варианттары idug, ыйык, ызых, ыдык, ытык) сөзүнө байланыштырып, ал ыйык, керемет, азиз, курман, фетиш деген маани берет] – Кырг-ндагы эң ири көл ж-а дүйнөдөгү тоо көлдөрүнүн ирилеринин бири. Респ-нын түн.-чыгышында жайгашкан. Күнгөй ж-а Тескей Алатоолору м-н курчалган кеңдик багыттагы кенен ойдуңдун таманын ээлеп, көлдүн бети деңиз деңг. 1 608 м бийиктикте жатат. 1 968–жылкы батиметриялык ченөөлөр б-ча көлдүн уз. 178 км, туурасы 60,1 км, жээк сызыгынын уз. 6 88 км, орт. терең ди ги 278,4 м, э ң терең жери 668 м, аянты 6236 км2, суусунун көлөмү 1738 км3. Андан бери көлдүн деңгээли 1,1 мге төмөндөгөндүктөн аянты 50 км2ге, суусунун көлөмү 7 км3ге азайган (1986). Үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү мезгилинде (1927-86) анын деңгээли 3 мге, б. а. жыл сайын 5,1 смге бөксөргөн. Бирок айрым мезгилде (1956–60; 1981–82-ж.) көлдүн деңгээли бир аз (30 смге чейин) көтөрүлгөн. Ысыккөл жайгашкан тоо арасындагы тектон. ойдуң мегасинклинорий. Ал Түн. Теңиртоо структуралык-фациялык зонасына кирет. Тектон. өнүгүшү протерозойдо ж-а палеозойдун башы ченде башталып, азыркы түзүлүшүнүн негизги сөлөкөтү палеогендин аягы – неогенде альп орогенинин убагында калыптанган. Алгачкы Ы. плиоцендин башында пайда болгон. Плиоцен, плейстоцен ж-а голоцен мезгилдеринде тектон. кыймылдан ж-а климаттык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында көлдүн деңгээли циклдик тартылууларга ж-а кайра көтөрүлүүлөргө дуушар болгон. Ыдүн түбү түзүлүшү жагынан 4 морфологиялык элементтен турат: суу түпкүрүндөгү түздүк ж-а 3 тектир комплекси. Суу түпкүрүндөгү түздүк көлдүн түш. тарапка бир топ ыктаган борб. бөлүгүн ээлеп, 660–350 м тереңдиктерде жатат (абиссалдык түздүк). Төмөнкү тектир (материктик каптал) көл чанагынын ортосун карай эңкейиштеген бөлүгүндө (200 мден 300–350 м тереңдикке чейин), плиоцендин аягында пайда болуп, анын таманын түпкүрдөгү түздүк улап кетет. Ортоңку 110–150 м тереңдиктеги айдөөш тектир плейстоцендин башында пайда болгон. Жогорку тектир комплексине сайроон (Одөн 30–50 мге чейин) ж-а жогорку кырчоонун кашаты (анын таманы 110 м тереңдикте) кирет. Бул жерден голоцен тартылуусундагы көлдүн тереңдигин чагылдырган каньондор бүтөт. Жогорку тектир комплексин кесип өткөн каньондор кургактагы суу өрөөндөрүнүн уландысы. Жыргалаң өрөөнүнүн көл түбүндөгү уландысы батышты карай 25 кмге созулат; каньонунун тереңд. 4 0 м, туурасы 2 км. Көл кылаасы көбүнчө жапыз, кум-шагылдуу, бир аз эңкейиш, тегиз түздүк. Бул аккумуляциялык рельеф Ы-дүн күнгөйүнө, чыгыш ж-а түш.-чыгышына мүнөздүү. Бийик жардуу жээктер өзгөчө көлдүн түш., түш.-батыш тарабында. Түндүктө Күнгөйдү экиге бөлүп турган Кессеңир тоосу бар. Составы жагынан көл жээктери органогендик, хемогендик ж-а терригендик болуп бөлүнөт. Алардын ичинен терригендик чөкмөлөр (кум, шагыл, чопо, тунма ылай) басымдуу. Кумдуу кылаа (320 км) Ысыккөл жээктеринин 55,2%ин, тунма ылай-фитогендик – 18,8%ин түзөт. Камдашкан чоң келки, узун кумдуктар (литификаттар) да кезигет. Көл чанагынын морфологиясы Ы-дүн деңгээли плейстоцен мезгилинде жогору көтөрүлүп тургандыгын айгинелейт. Плейстоцендин аягында эң жогорку чегине жетип, деңгээли 1640 м бийиктикке чейин көтөрүлгөн. Бул мезгилде Ы. кеңири жайы лы п, күн ба тышта Боом к апч ыгайына 20 кмдей кирип турган; анда кумайлуу топурактан турган көл чөкмөлөрү калыптанган. Голоцендин башында көлдүн деңгээли азыркы абалынан 110 мге төмөндөп, жогорку тектир комплекси ж-а аны кесип өткөн суу астындагы өрөөндөр пайда болгон. Кийинки трансгрессиялардын тушунда (плейстоцендин аягы м-н голоценде) көлдүн деңгээли кеминде 8 жолу өйдө көтөрүлүп ж-а ылдый түшкөн. Аларды көлдүн жээгиндеги кашаттар (мис., деңиз деңг. 1 620 м бийиктиктеги Көтмалды сайынын босогосу, өзгөчө көлдүн суу баскан капталдарындагы 20–25, 8–10 м тереңдиктеги тектирчелер, жалчалар) айгинелейт. Акыркы трансгрессияда (17–к-дан 18–кдын аягы – 19–к-дын башына чейин) көлдүн деңгээли 1619 мге чейин көтөрүлгөн. Ы-дүн гидрографиялык тармагы негизинен кар-мөңгүлөрдөн куралган 118 агын суу ж-а убактылуу өзөндөрдөн турат. Агын суулардын аймак б-ча таралышы жаан-чачын м-н мөңгүлөргө жараша болот. Өрөөндүн мөңгүгө өксү болгон кургакчыл, каксоо батыш бөлүгүндө убактылуу аккан сайлар басымдуу. Жыргалаң ж-а Түп сыяктуу ири суулар өрөөндүн жаан–чачындуу чыгыш бөлүгүндө. Агын суулар көбүнчө сугатка пайдаланылат. Майда өзөндөрдүн суусу түзөңдөрдөгү борпоң кыртышка сиңип кетип, Ы-гө жетпейт. Азыр көлгө жыл бою 30дай өзөн суулары такай куят. Көлдүн суу балансын толуктап турган, чатында жылдык орт. чыгымы 2 м3/секдан ашкан суулар: Жыргалаң (22,0 м3/сек), Түп (10,7 м3/сек), Тоң (2,8 м3/сек), Каракол (6,6 м3/сек), Жууку (6,3 м3/сек), Жетөгүз (5,6 м3/сек), Барскон (4,2 м3/сек), Актерек (4,5 м3/сек), Чоң Кызылсуу (4,7 м3/сек), Чоң Аксуу (5,1 м3/сек). Көл суусунун балансынын киришин жаанчачын (400 мм), агын суулар (370 мм), чыгашасын буулануу (800 мм) түзөт. Ыдүн деңгээлинин төмөндөшү пристандардын иштешин, эс алуучу жайлардын ыңгайлуулугун татаалдаштырып жатат. Бирок көл абалынын өзгөрүшү закон ченемдүү (циклдүү) процесс, ал жалпы планеталык, асыресе климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу. Ы. минералданышы б-ча мала туздуу (6,0 г/л) көлдөргө таандык. Катиондордун суммасы 1,952 г/кг, аниондордуку 4,016 г/кг. Туздуулугу б-ча хлорид-сульфат-натрий-магнийлүү класска кирет. Тунуктугу кыштын ызгаардуу мезгилинде, көлдүн ортоңку бөлүгүндө 15–16 мге жетет. Кескин темп-ралык өзгөрүүлөр 100 м изобатага чейин жаткан четки тайыз бөлүгүнө мүнөздүү. Борб. бөлүктө суу темп-расынын сезондук өз гөрүлөрү үстүнкү гана катмарда байкалып, андан төмөндө темп-ра дээрлик туруктуу (4°С). Тайыз жээк бөлүгүндө январь–февралда темп-ра 4,2–5°С, июль – августта 20–24°С, эң жогорку темп-ра 29°С. Көлдүн суу массасынын зор жылуулук сыйымдуулугунун негизинде Ы. эч качан тоңбойт. Айрым өтө суук жылдарда гана жээк жагынын аз бөлүгү тоңот. Көлдө суу массасы темп-ранын ж-а туздуулуктун айырмасына жараша аралашат. Чоң суу массасы жогорку жылуулук сыйымдуулугу ж-а тоңбогондугу м-н көл өрөөндүн клима тын мелүүндөтүп турат. Ошол себептүү Ы. аймагында катуу суук же аптап ысык болбойт. Көл кылаасынын климаты деңиз климатына окшоп кетет. Ы-дө катуу шамал батыштан (Боом капчыгайы тарабынан) «улан», чыгыштан (Түп өрөөнү жактан) «санташ» согот. Уландын ылдамдыгы 25– 30 м/сек, санташтыкы 17–20 м/сек. Көл жээгине түнкү ж-а күндүзгү бриз мүнөздүү. Катуу шамал болгондо толкундардын бийикт. 2,5–4 мге жетет. Сейше кубулушу да байкалат. 1 932-ж. 3 0–июнда 10 минутанын ичинде көлдүн деңгээли 10 смге төмөндөгөн. Көл түбүндөгү жашыл балырлар («хара») өзүнчө кеңири тилкени пайда кылат. Андан сырткары камыш, жекен, рдест ж. б. өсөт. Фитомасса негизинен 40 м тереңдикке чейин кездешет. Жээктеринде чычырканак, түрдүү бадал, дарак ж. б. байыркы өсүмдүктөр өсөт. Балыктын 22 түрү кезигет. Анын 12си көлдүн өзүнүкү, калганы башка жактан алынып келинген. Мааниси бар балыктар – көкчаар, түрпү, каңылтыр, чабак, жилингир ж.б. Севан көлүнөн алып келинген жилингир балыгы өтө өзгөрүп, жаңы түргө айлангандыктан ал азыр Ы. жилингири деп аталып, айрымдарынын салмагы 24 кгга жетти. Көлдө таман балык, кубулма балык, кой балык, ряпушка, бакма каңылтыр, байкал омулу ж. б. балыктар байырлаштырылууда. Жылына 5–6 миңге чейин балык кармалат. Көлдү ж-а көл жээгин канаттуулардын 98 түрү мекендейт. Жээк зонасында 16 миң га аймак мамл. корукка айланган. Ы. жээгинин климаттык шартынын ыңгайлуулугу, табиятынын кооздугу, дары баткактарга ж-а минералдуу сууларга байлыгы аны ири курорттук зонага айландырууга шарт түздү. Көл айланасында «Көгүлтүр Ысыккөл», «Чолпоната», «Ысыккөл», «Жыргалаң», «Жетөгүз», «Аксуу», «Тамга», «Алатоо» сыяктуу курорт, санаторий, дем алуу үйү, туристтик база бар (к. Ысыккөл курорт зонасы макалсын). Аларда бир сезондо 300 миң киши эс алат. Көлдө туристтик кемелер жүрүп турат. Көл кылаасында Каракол, Балыкчы, Чолпоната ш., ондогон кыштактар ж-а бир нече пристань (Балыкчы, Чолпоната, Каракол, Кызылсуу, Тоң, Григорьевка ж. б.), Кыргызстандын УИАнын биологиялык ст. ж. б. бар; тарыхый–археол. эстеликтер, кооз жерлер көп. Көлдүн чыгыш жээгинде географ, саякатчылар Н. М. Пржевальскийдин мүрзөсү, эстелиги ж-а мемориал музейи, батышында П. П. Семёнов Тян-Шанскийдин эстелиги жайгашкан. О. эле к. Жехай, Темиртунор, Тузкөл, Тянъчи, Цинчи, Бууган, Көтмалды. С. Өмүрзаков, В. Романовский.