География:ШИЛБИЛИСАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

ШИЛБИЛИСАЙ – Карабуура р-нундагы суу, Карабууранын сол куймасы. Уз. 38 км, алабынын аянты 450 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 3000 м. Талас Алатоосунун Музбел ашуусундагы мөңгүдөн Шилби деген ат м-н башталып, кууш капчыгай аркылуу адегенде түндүккө, анан чыгышка бурулуп, бир канча майда куймалары кошулгандан кийин түндүктү көздөй агат. Суу куралуу облусуна кирет. Негизинен мөңгү, кар ж-а булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Сагызган, Койбулак, Кайыңды (оң), Талдыбулак (сол). Жылдык орт. чыгымы 2,50 м3/сек, эң көбү июль – августта, эң азы февраль – мартта байкалат. Сугатка пайдаланылат.