География:ШАЙМЕРДЕН: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong>ШАЙМЕРДЕН</strong> – Түш. Кыргызстан м-н Өзбекстандын аймагы аркылуу аккан суу. | |||
Уз. 112 км, алабынын аянты 1466,6 км2. | Уз. 112 км, алабынын аянты 1466,6 км2. | ||
Коллектор тоосунан башталган Көксуу м-н Аксуунун кошулушунан түзүлөт. | Коллектор тоосунан башталган Көксуу м-н Аксуунун кошулушунан түзүлөт. | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
ШАЙМЕРДЕН – Түш. Кыргызстан м-н Өзбекстандын аймагы аркылуу аккан суу. Уз. 112 км, алабынын аянты 1466,6 км2. Коллектор тоосунан башталган Көксуу м-н Аксуунун кошулушунан түзүлөт. Куймалары жогорку бөлүгүндө аскалуу кокту-колоттор, терең капчыгайлар м-н агат. Көксуунун чатынан төмөн Ш-ге суу куйбайт. Вуадиль кыш. ченде 3 салаага бөлүнөт. Негизги салаасы – Маргалаңсай Фергана ж-а Маргалаң ш. аркылуу агып өтүп, магистралдык каналга салынып, андан майда сугат каналдары тарайт. Калган эки тармагы – Алтарыксай м-н Файзабадсай. Чимион ж-а Капчыгай адырларын кесип өтүп, сугат каналдарына бөлүнөт. Ш-дин алабынын төмөнкү бөлүгүнө суусу негизги нукка жетпей соолуп калган сайлар мүнөздүү. Алабында 20дай мөңгү бар (жалпы аянты 52,6 км2). Көксуунун өрөөнүндө бетинин аянты 0,13 км2ге жеткен Курбанкөл жайгашкан. Ш. кар, мөңгү, булак ж-а жамгыр сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 11,1 м3/сек, эң көбү 64,2 м3/сек, эң азы 3,58 м3/сек. Майдын аягында кирип, августта тартыла баштайт. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Фергана, Маргалаң ш., Вуадиль, Хамзабад, Кадамжай, Чимион ж. б. кыш. жайгашкан. Адабияттарда Шахимардан деп да аталат.