География:ҮРҮМБАШЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
ҮРҮМБАШЫ – Сузак р-нундагы суу, Көгарт суусунун оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин бир тармагы Сарыкыр тоосунан башталат. Уз. 30 км, алабынын аянты 164 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 2000 м. Суу Фергана тоо тизмегинин тармактары Сарыкыр ж-а Акташ тоолорунун коктуларынан башталып, өрөөнгө чыгат. Ортоңку бөлүгүнөн баштап, жаңгак токойлуу өрөөн аркылуу кууш босоголор м-н агып өтүп, Көгартка куят. Жылдык орт. чыгымы 1,12 м3/сек, эң көбү апрель – майда, эң азы январь – февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Үрүмбашы кыш. жайгашкан.