География:ТӨЛӨК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
ТӨЛӨК – Жоонарык суусунун сол куймасы. Уз. 43 км, алабынын аянты 382 км2. Кызарт тоосунун чыгыш капталынан башталат. Жогорку агымында Кашкасуу аталып, капталдары тик, кууш өрөөн аркылуу агат. Ири куймалары: Калмакашуу, Музтөр, Кеңсуу, Көксай (оң), Чолой (сол). Негизинен мөңгү (20%), кар (14%), булак (62%) сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2,09 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь – июлда (7,81 м3/сек), эң азы декабрда (0,53 м3/сек) байкалат. Май айында кире баштап, августта тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Төлөк кыш. жайгашкан.