География:ТОРКЕН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
ТОРКЕН (туурасы Төркен) – Кетментөбө өрөөнүндөгү суу, Нарындын оң куймасы. Уз. 43 км, алабынын аянты 664 км2. Суусамыр кырка тоосунун түш. капталындагы көлдөн башталат. Жогорку агымында Чоң Музтөр ж-а Кошмузтөр, ортоңку агымында Капчыгай деп аталат. Куймалары: Бордукыя, Белалды (сол), Чоң Кемпирөлдү (оң). Негизинен кар, булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 7,8 м3/сек. Эң көп агымы 53,8 м3/сек (май), азы 1,52 м3/сек (январь). Апрелде кире баштап, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Бордукыя, Совет кыш. жайгашкан.