География:САРЫЖАЗ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
САРЫЖАЗ – Борб. Теңиртоодогу дарыя. Суусунун молдугу б-ча Кырг-нда 2-орунда (Нарындан кийин). Семёнов мөңгүсүнөн башталып, Сарыжаз өрөөнү аркылуу батыш тарапка агат. Оттук суусу куйгандан кийин түштүккө бурулуп Борб. Теңиртоонун ири кырка тоолорун (Сарыжаз, Эңилчек, Какшаал; ж. б.) кесип өтүп, Тарим түздүгүнө чыгат. Мамл. чегарадан ары чатына чейин Аксуу деп аталат. Кыргнд ын аймагындагы уз. 197 км (жалпы уз. 282 км), алабынын аянты 12900 км2. Ири куймалары: Эңилчек, Кайыңды, Көйкап, Жамансуу, Жаңыжер (сол), Көөлү, Теректи, Үчкөл, Акшыйрак (оң). Кытайдын аймагында оң жагынан Какшаал, солдон Темирсуу кошулгандан кийин Жаркенд д. м-н биригип, Таримди түзөт. Алабынын 20,4% аянтын (2635 км2) мөңгүлөр ээлейт. Эң чоңу Түш. Эңилчек мөңгүсү (уз. 58,9 км, аянты 613 км2). Алабында 70тен ашык чакан көл бар, ирилери – Мерцбахер (4,5 км2), Балтырбешик (1,2 км2). Негизинен мөңгү, кар сууларынан куралат. Суусу июндун ортосунан августтун аягына чейин кирет, февралда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 137–140 м3/сек. Суу кирген мезгилде чыгымы болжол м-н (мамл. чегарада) 1000 м3/сек. Гидроэнергия ресурстарын а бай, бирок азырынча пайдаланылбайт. Нугунун эңкейиштиги 9–10 мден 25– 30 мге чейин болгондуктан агымы өтө ылдам ж-а шар. Алабында Эңилчек ж. б. кен казып алуу м-н байланышкан кыштактары бар.