География:НЫЛДЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

НЫЛДЫ, Ч ы р к а н а к Ты, Р а с п а й – Карабуура р-нундагы суу, Талас д-нын оң куймасы. Уз. 35 км, аянты 281 км2. Кыргыз Алатоосунун батыш бөлүгүнүн түш. капталынан башталат. Куралуу аянтынын орт. бийикт. 2490 м. Жалпы уз. 108 км келген 30 куймасы бар. Ирилери: Утур (11 км), Коргонташ (11 км), Ачыкташ (14 км). Кар (90%), жамгыр (10%) сууларынан куралат. Март – август айларында суусу кирет, сентябрь – апрелде тартылат. Көп жылдык орт. чыгымы 0,79 м3/сек, суусу мол май айыныкы 2,58 м3/сек, суусу тартыш январь – февралда 0,25 м3/сек, эң көп чыгымы 14,3 м3/сек. Айрым жылдары январь, июль, август айларында соолуп калат. Сугатка пайдаланылат. Н-дан 2,33 м3/сек суу өткөрүүчү 6 канал башталат. Боюнда Нылды кыш. жайгашкан.