География:НАРЫН: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
НАРЫН — Кырг-ндагы эң чоң ж-а суусу м ол дарыя. Сырдарыянын оң курамы. Уз. 534 км (Чоң Нарынды кошкондо 807 км), алабынын аянты 58370 км2. Алабы түндүктөн Тескей, Кыргыз, Талас Алатоолору, түштүктөн Какшаал, чыгыштан Акшыйрак, батыштан Фергана кырка тоолору м-н чектешет. Акшыйрак кырка тоосунун түн.-батыш капталындагы Петров мөңгүсүнүн этегинде 3730 м бийиктикте жайгашкан көлдөн Кумтөр деген ат м-н башталат да, Арабелсуу м-н кошулуп, Тарагайды (Жаакташ) түзөт. Тарагай м-н Карасай кошулгандан кийин Чоң Нарын деп аталып, тектирчелүү жайык өрөөн м-н батышты карай агат. Жогорку Нарын өрөөнүнүн борб. бөлүгүндө салааланып, нугу кеңейип, батышында кайра кууштайт. Бул бөлүгүндө дарыяга Каракол (чыгыш) ж-а Улан суулары кошулат. Улан суусунун чатынан Айрысуунун (оң куймасы) кошулушуна чейин өтө кууш капчыгай м-н агат. Орто Нарын өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө Чоң Нарын, Кичи Нарын м-н кошулат да, Н-ды түзөт. Мында дарыя Нарын өрөөнүнүн сол жак чети м-н кеңдик багытта агат. Бул бөлүгүндө өрөөн кенен, тектирчелүү. Сол куймасы Текесекирик кошулган жерде гана Н-дын сол жээгиндеги карбондун акиташ теги м-н оң жээгиндеги палеоген-неогендин кызыл түстүү тектери жакындашып, кууш өрөөндү пайда кылат. Аламышыкты кууш Аккыя капчыгайы аркылуу жандап өтүп, түн.-батыш багытты карай шар агат. Андан төмөн бир нече кмге чейин өрөөнү кенен, жээктери жапыз, нугунун туурасы 80–100 мге жетет. Куланак кыштагына жакын Н. бир нече салаага бөлүнүп, майда аралдарды пайда кылат. Аралдар ж-а дарыя жээктери майда токой м-н капталган. Бул бөлүгүндө Н-га Атбашы ж-а Алабуга суулары кошулат. Алабуганын чатынан батышты карай 50 км аралыкта Молдотоо м-н Акшыйрак (Чаарташ) кырка тоолорун бөлүп туруучу кууш (нугунун туурасы 40–50 м) капчыгай аркылуу агып, Тогузторо ойдуңуна чыгат. Өрөөндүн борб. бөлүгүндө жумуру шагыл таштуу аралдар ж-а кумдуу сайроондор м-н бөлүнгөн бир нече салаа бар. Тогузторо депрессиясынын батыш бөлүгүндө Н-га Көкирим (сол куймасы) суусу кошулуп, Молдотоо м-н Көкирим тоосун бөлүп жаткан кууш капчыгай (уз. 40 км) м-н түндүктү карай агат. Капчыгайдан чыга беришинде эң ири куймасы Көкөмеренге кошулуп, батышты карай чулу тоотектерден түзүлгөн тектирчелүү кууш өрөөн м-н жайылып (туурасы 100–150 мге чейин) агат. Батышты карай өрөөн улам кеңейип, Кетментөбө өрөөнүнө чыгат. Мында Н-га Чычкан ж-а Узунакмат суулары кошулат. Н. Кетментөбө өрөөнүнөн кийин түш.-батышты карай 100 км аралыкта Атойнок ж-а Фергана тоолорун бөлүп антецеденттик өрөөн м-н агат. Капчыгайдан чыккандан кийин түштүккө карай бурулуп, өрөөнү кеңейип, Н-га Карасуу (оң) кошулат. Фергана өрөөнүнө чыкканда Карада рыя м-н кошулуп, Сырдарыяны түзөт. Н-дын алабында жалпы аянты 1357,8 км2 болгон 2074 мөңгү бар. Көбү (70%ке жакыны) Акшыйрак, Тескей Алатоо, Жетим, Борколдой ж. б. кырка тоолордо ж а й г ашкан. Ири мөңгүлөрү: Петров (аянты 70,6 км2), Түн. Карасай (49,0 км2) ж. б. Н-дын уз. 10 кмден ашык 330 ж-а андан чакан 500 куймасы бар. Ири куймалары: Кичи Нарын, Онарча, Кажырты, Көкөмерен, Чычкан, Узунакмат, Карасуу (оң), Атбашы, Алабуга, Карасуу (сол) ж. б. Н. негизинен кар-мөңгү ж-а булак, ортоңку ж-а төмөнкү агымдарында кар ж-а булак сууларынан куралат. Апрелде кирип, сентябрда тартыла баштайт. Башталышындагы бир аз бөлүгү кышында тоңот; кышкысын Н-дын көп бөлүгүнө шыргалаң ж-а жээк муздары мүнөздүү. Жылдык орт. чыгымы Нарын ш-на жакын 88,4 м3/сек, эң көбү 232 м3/сек (июль), эң азы 25,2 м3/сек (январь), Фергана өрөөнүндө (Үчкоргон ш. тушта) орт. чыгымы 432 м3/сек, эң көп чыгымы 963 м3/сек (июнь), эң азы 161 м3/сек (февраль). Сугатка (негизинен Фергана өрөөнүндө) кеңири пайдаланылат. Н-дан Чоң Фергана каналы башталат. Н. гидроэнергетика ресурстарына өтө бай; энергиясынын кубаттуулугу б-ча КМШде 7-, потенциялдык ресурсу б-ча Волгадан кийинки 2-орунда; жалпы кубаттуулугу 6956,3 миң кВт. Генплан б-ча Н-дын алабына 22 гидроэлектр станция курулмакчы. Н-да Атбашы, Токтогул, Үчкоргон, Күрпсай, Ташкөмүр, Шамалдысай ГЭСтери иштейт; Камбара та ГЭСи курулууда (2004). Боюнан Нарын, Ташкөмүр, Каракөл, Үчкоргон ш., Достук, Токтогул шаарчалары, Казарман ж. б. кыш. орун алган. М. Музакеев.