География:МЫКААЧЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
МЫКААЧЫ — Акталаа р-нундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Уз. 45 км, алабынын аянты 504 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 2200 м. Төөкуйрук тоосунун түн. капталынан Карасуу деген ат м-н башталып, Маистан өтөгүнөн өткөндө соолуп барып, кайрадан булактардан куралып, босоголуу кууш нук аркылуу Нарынга куят. Негизинен жаан-чачын, кар ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 3–4 м3/сек; эң көбү апрель – майда, эң азы январда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Карасуу, Жаңытилек кыш. бар.