География:КҮМҮШТАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КҮМҮШТАК — Талас облусунун Бакайата р-нун аймагы аркылуу аккан суу; Талас д-нын сол куймасы. Талас Алатоосунун түн. капталынан башталып, түндүктү карай агат. Уз. 60 км, алабынын аянты 393 км2. Негизинен кар, булак ж-а жаанчачын сууларынан куралат. Май айында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Жылдык орт. чыгымы 2,71 м3/сек, эң көп чыгымы июнь-июлда, азы февраль-мартта байкалат. Ири куймалары: Талдыбулак, Чоң Коңурдөбө. Негизинен сугатка пайдаланылат. К-тан 7 канал чыгарылган, алар 3,48 м3/сек суу өткөрө алат. Алабында Шапак, Кызыл Кыргызстан, Ключевка кыш. бар.