География:КӨККЫЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

КӨККЫЯ — Аксай өрөөнүндөгү суу, Аксай суусунун оң куймасы. Атбашы р-нун аймагы аркылуу агат. Какшаал тоо тизмегинен башталат. Уз. 83 км, алабынын аянты 1050 км2. Жогорку агымында өрөөнү бирде кууш, бирде кеңейип, кээде салааларга бөлүнүп агат. Башталышында 3514 м бийиктикте, аянты 4,5 км2 келген Көлсуу көлү бар. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Аксайууру (29 км), Туюкботомойнок (28 км), Карабел (10 км) – оң; Туюкхожент (13 км), Хожент (11 км) – сол. Жылдык орт. чыгымы 3,75 м3/сек; эң көбү июлда, эң азы мартта байкалат. Сентябрда тартылып, майда кире баштайт.