География:КИЧИ НАРЫН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
1-сап: 1-сап:
– Ички Теңиртоодогу суу.
<strong>КИЧИ НАРЫН</strong> – Ички Теңиртоодогу суу.
Тоң ж-а Нарын р-ндорунун аймагында.
Тоң ж-а Нарын р-ндорунун аймагында.
Жетимбел кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Уз. 144 км, алабынын аянты 3870 км2. Башталышында Буркан деген ат м-н батышка агып, Үчемчек кошулгандан кийин Балгарт аталып, ал Жылаңач м-н кошулуп Кичи Нарынды түзөт. Кууш ж-а терең капчыгай м-н агып, Кашкасуудан кийин түштүккө бурулат.

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

КИЧИ НАРЫН – Ички Теңиртоодогу суу. Тоң ж-а Нарын р-ндорунун аймагында. Жетимбел кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Уз. 144 км, алабынын аянты 3870 км2. Башталышында Буркан деген ат м-н батышка агып, Үчемчек кошулгандан кийин Балгарт аталып, ал Жылаңач м-н кошулуп Кичи Нарынды түзөт. Кууш ж-а терең капчыгай м-н агып, Кашкасуудан кийин түштүккө бурулат. Нура ж-а Жетим кырка тоолорун кесип өтөт. Босоголору көп. Капчыгайдан кийин кашаттуу өрөөн м-н Чоң Нарынга кошулуп, Нарын д-н түзөт. Карасаздын чатында бир аз салааларга бөлүнөт. Жылдык орт. чыгымы 43,0 м3/сек. Эң чоң чыгымы 205 м3/сек (июль), эң азы – 4,33 м3/сек (февраль). Алабында 20дай көл бар. Ири куймалары: Үчемчек, Карасаз, Каракалак, Эгизтөр, Сарыкүнгөй (оң); Айкөл, Жаманечки, Арчалы, Жылаңач (сол). Өрөөнү Тоң ж-а Нарын р-ндорунун жайыты.