География:КИЧИ КЕМИН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КИЧИ КЕМИН – Чүй суусунун оң куймасы. Иле Алатоосунун түш. капталынан башталып, түш.-батышты карай агат да, Чүй д-на жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Кемин р-нунда. Уз. 81 км, алабынын аянты 614 км2. Жогорку бөлүгүндө кууш өрөөн м-н агып, ортоңку агымында сайы кеңеет (10 м). Жылдык орт. чыгымы 2,10 м3/сек. Эң көп чыгымы 8,63 м3/сек (июль), эң азы 0,46 м3/сек (февраль). Ири куймалары: Кертабылгы (19 км), Сасыкбулак (15 км). Жээгинде Актүз шаарчасы, Ильич, Жаңыжол, Кичи Кемин, Боролдой кыш. жайгашкан.