География:КЕГЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

КЕГЕТИ – Чүй р-нундагы суу. Кыргыз Алатоосунун түн. капталынан башталып, Чүй д-на жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Уз. 55 км, алабынын аянты өрөөнү 290 км2. Баш жагында токойлуу кууш өрөөн м-н агып, өзөнүндө шагыл таштар, босоголор бар. Тоодон чыга бериште өрөөнү кеңейип, салааларга бөлүнүп кетет. Жылдык орт. чыгымы 2,34 м3/сек. Эң көп чыгымы июлда, эң азы февралда байкалат. Декабрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймасы – Көлтөр (17 км). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кегети, Акбешим ж. б. кыш. жайгашкан.