География:ИСФАНА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

ИСФАНА – Лейлек р-нундагы суу. Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы – Алтынбешик тоосунун түн. капталынан башталат. Уз. 35 км, алабынын аянты 330 км2. Бийик тоолуу капчыгайдан Түзжайлоо өрөөнүнө чыкканда жерге сиңип кетип, Исфана – Карабулак өрөөнүндө кайра чыгат да, ага Тегирмелик суусу кошулат. Төмөнкү агымында Карасуу ж-а Андарсай деп да аталат. Суусунун көбү жерге сиңип кеткендиктен жылдык орт. чыгымы өтө аз (0,2–0,5 м3 /сек). Негизинен кар, жаанча чын ж-а булак сууларынан куралат. Эң чоң чыгымы май – июнь, эң азы февраль – март айларында байкалат. И-дан сугат каналдары башталат. Боюнда Исфана ж. б. кыш. жайгашкан.