География:АКБУУРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

АКБУУРА – Карасуу ж-а Ноокат р-нун аймактары аркылуу аккан суу, Карадарыянын сол куймасы. Уз. 136 км, алабынын аянты 2540 км2. Алай кырка тоосунун түн. капталынан башталып, Акбуура капчыгайы аркылуу агат. Жогорку агымы Кичи Алай, ортоңкусу Турук деп аталат. А. Ош ш. аркылуу агып өтөт. Куймалары: Челкилдек, Кырккечүү, Талдыбулак, Кошмойнок (оң), Жиптиксуу, Чугам, Талдыбулак (сол). Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 21,4 м3/сек; байкалган эң көбү – 331 м3/сек, эң азы – 6,25 м3/сек. Негизинен сугатка пайдаланылат. Ош ш-н суу м-н камсыз кылат. Боюнда Төлөйкөн, Турук, Папан ж. б. кыштактар бар.