География:СОЛТОНСАРЫ АЛТЫН КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong>СОЛТОНСАРЫ АЛТЫН КЕНИ</strong> Нарын облусунун Нарын р-нунда, Солтонсары жайлоосунун түш. жагында, Капкаташ тоосунун түн. капталында, деңиз деңг. | |||
3300–3650 м бийиктикте жайгашкан. 1940ж. табылып, 1950–68-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. 1995–96-ж. кенде казып алуу жүргүзүлгөн. 1997-ж. кен консервацияланып, казып алуу иши токтотулган. | 3300–3650 м бийиктикте жайгашкан. 1940ж. табылып, 1950–68-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. 1995–96-ж. кенде казып алуу жүргүзүлгөн. 1997-ж. кен консервацияланып, казып алуу иши токтотулган. | ||
Кен аймагы карбон-пермдин сиенит-порфир, ортофир дайкалары м-н жирелген кембрийдин акиташ, сланец ж-а ордовиктин чөкмө, жанартоо тоо тектеринен түзүлгөн. | Кен аймагы карбон-пермдин сиенит-порфир, ортофир дайкалары м-н жирелген кембрийдин акиташ, сланец ж-а ордовиктин чөкмө, жанартоо тоо тектеринен түзүлгөн. | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
СОЛТОНСАРЫ АЛТЫН КЕНИ Нарын облусунун Нарын р-нунда, Солтонсары жайлоосунун түш. жагында, Капкаташ тоосунун түн. капталында, деңиз деңг. 3300–3650 м бийиктикте жайгашкан. 1940ж. табылып, 1950–68-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. 1995–96-ж. кенде казып алуу жүргүзүлгөн. 1997-ж. кен консервацияланып, казып алуу иши токтотулган. Кен аймагы карбон-пермдин сиенит-порфир, ортофир дайкалары м-н жирелген кембрийдин акиташ, сланец ж-а ордовиктин чөкмө, жанартоо тоо тектеринен түзүлгөн. Руда кеңдикке жакын ж-а түн.-батыш багыттагы тектон. жаракалардын кесилишинде топтолуп, ордовиктин туфоген катмарларындагы сиенит-порфир дайкасында жайгашкан. Рудалануу тарам ж-а майда штокверк тибине, алтын-сульфид-кварц формациясына кирет. Негизги руда минералдары: пирит, түссүз руда, халькопирит, сфалерит, галенит, нукура алтын, электрум, арсенопирит. Рудадагы алтындын орт. өлчөмү 6,0 г/т. Руданын запасы 1049 миң т. Алтындыкы–6,291 т.