География:САБАЖАРДЫ СУРЬМА КЕНИ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
САБАЖАРДЫ СУРЬМА КЕНИ Ош облусунун Каракулжа р-нунда. Чыгыш Алай кырка тоосунун түн. капталында, Сабажарды суусунун оң жээгинде, деңиз деңг. 3000–3600 м бийиктикте. 1974–77-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен жогорку палеозойдун карбонат-флиш катмарынан турган жаракалуу жалпак тилкелерин силур-девондун терриген катмарларынан бөлүп турган Иркеш тик жаракасына туура келет. Алтын-сурьма кени Иркеш жаркасын бойлоп 12 кмге чейин созулуп жатышы аныкталган. Акиташ ж-а кумдуктагы майда жаракаларды ж-а негизги чоң жараканы бойлото кальциттешкен ж-а кварцташкан талкаланды тилкелер руданы камтып турат. Руданын минералдык курамы: жемсонит, пирит, антимонит, бурнонит, бертьерит, пиротин, нукура алтын, касситерит, галенит, халькопирит ж.б. Кенде уз. 20–250 м (эки тарамдыкы 800 ж-а 1350 мге чейин) ж-а калыңдыгы 0,5–9,0 м болгон 11 руда тарамы бар экендиги аныкталган. Сурьманын орт. өлчөмү 4,55%, алтындыкы – 6,5 г/т. Руданын запасы ж-а болжолдуу ресурсу 5526,8 миң т. Сурьманын запасы ж-а болжолдуу ресурсу 38090 т, алтындыкы–8,0 т.