География:МИРОНОВ ВИСМУТ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

МИРОНОВ ВИСМУТ КЕНИ Кемин р-нунда. Кемин шаарчасынын түн.-чыгышында, Кастек тоосунун күңгөйүндө жайгашкан. 1961-ж. табылып, 1965–73-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын протерозой заманында пайда болуп, кийин метаморфизмделген тоо тек (амфиболдуу сланецтер, амфиболиттер) катмарлары ж-а аларды палеозой заманынын орто ченинде жиреп чыккан интрузия (монцонит-адамеллит-гранит) түзөт. Руда негизинен тарам түрүндө. Мында минералдашкан 20дай тарам табылып, алардын төртөө дыкаттык м-н чалгындалган. Бул кен тарамдарынын уз. 100–650 м, калыңдыгы 0,3–0,5 мден 8,0 мге чейин. Руданын составы негизинен эки түрдүү: кварц-турмалин-халькопирит-висмутин ж-а сидеритсульфид-висмутит-полиметалл. Булардын биринчиси кендин батыш, экинчиси чыгыш жагын түзөт. Батыш бөлүгүндө жез ж-а вольфрам, ал эми чыгыш бөлүгүндө коргошун м-н мышьяк арбын. Кен сульфидден (88%) ж-а кычкылданган рудадан турат. Кендин баланска алынган запасы 1162 т, баланстан тышкаркысы 275 т.