География:МАКМАЛ АЛТЫН КЕНИ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong>МАКМАЛ АЛТЫН КЕНИ</strong> Жалалабат облусунун Тогузторо р-нунда. Акшыйрак кырка тоосунун батышында, Казарман кыш-нан 45 км түштүктө, деңиз деңг. | |||
1900–2600 м бийиктикте жайгашкан. | 1900–2600 м бийиктикте жайгашкан. | ||
1967-ж. табылган. 1969–80-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлүп, запасы эсептелген. 1986-жылдан баштап казып алынууда. Кен Чаарташ гранитоид интрузия массивинин түш.-батыш жагында, экзоконтактын түш. зонасында жайгашкан. | 1967-ж. табылган. 1969–80-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлүп, запасы эсептелген. 1986-жылдан баштап казып алынууда. Кен Чаарташ гранитоид интрузия массивинин түш.-батыш жагында, экзоконтактын түш. зонасында жайгашкан. | ||
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
МАКМАЛ АЛТЫН КЕНИ Жалалабат облусунун Тогузторо р-нунда. Акшыйрак кырка тоосунун батышында, Казарман кыш-нан 45 км түштүктө, деңиз деңг. 1900–2600 м бийиктикте жайгашкан. 1967-ж. табылган. 1969–80-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлүп, запасы эсептелген. 1986-жылдан баштап казып алынууда. Кен Чаарташ гранитоид интрузия массивинин түш.-батыш жагында, экзоконтактын түш. зонасында жайгашкан. Кен аймагы карбон-пермь дайкалары, пермдин гранит интрузиясы м-н жирелген карбондун кремний линзалары ж-а катмарчалары бар акиташ катмары, карбонпермдин лава, туф, трахидацит, дациттен турган жанартоо катмарлары ж-а аларды жаап турган палеоген-неоген катмарларынан түзүлгөн. Рудалануу метасоматит, гидротерм процесстеринен өзгөргөн ж-а ар түрдүү багыттагы жаракалар м-н тилмеленген, волластониттүү скарндар, скарндалган акиташ тектери, дайка тектеринин контактылары, лампорфир ж-а плагиопорфир дайкалары м-н байланышкан. Рудалануу скарн тибине, алтын-сульфид-кварц формациясына кирет. Руданын негизги минералдары: нукура алтын, пирит, пирротин, арсенопирит, галенит. Алтындын орт. өлчөмү 6,87 г/т. Руданын запасы ж-а ресурсу 7937,76 миң т. Алтындын запасы ж-а ресурсу 54,541 т.