География:КУРУТЕГЕРЕК ЖЕЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КУРУТЕГЕРЕК ЖЕЗ КЕНИ Жалалабат облусунун Чаткал р-нунда. Сандалаш тоосунун түн. капталында, Курутегерек суусунун башында. Кен жерг. элге илгертен белгилүү. 1963-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын таш көмүр мезгилинин башталышында пайда болгон, калыңдыгы 700 мге жеткен акиташ тектери түзөт. Алар бүктөлүүлөргө дуушарланып, ири синклиналды түзүп жатат. Акиташ тегин кварцтуу диорит ж-а кварцтуу диоритпорфирдин шток сымал кичирээк интрузиялары жиреп чыккан. Руда тулкулары акиташ тегинин интрузия м-н кошулган жерлериндеги скарн кабаттарында жайгашкан. Алар линза ж-а тарамча түрүндө. Негизги минералдары: магнетит, пирит, пирротин, халькопирит ж. б.