География:КОЧКОР ТУЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КОЧКОР ТУЗ КЕНИ Нарын облусунун Кочкор р-нунда. Кочкор кыш-нан 40 км түш.батыш тарапта, Мыкан өрөөнүндө. Жерг. эл илгертен пайдаланган. 1955-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын миоценде пайда болгон алевролит, чопо, мергель, гравелит, гипс, таш туз чөгүндүлөрү түзөт. Туздуу катмардын (бардыгы 11 кабат) калыңдыгы 300–350 м, уз. 2–3 км. Составы б-ча глауберит, галит ж-а тенардиттен түзүлүп, линза сымал кабатча болуп жатат. Алардын калыңдыгы 0,5–3 м. Глауберит нык, майда кристаллдуу, боз, агыш боз, жашыл боз түстүү. Чопо м-н булганган. Галит ак түстүү, майда кристаллдуу, тунук. Жалпысынан чопонун арасындагы туз 50–70%ти түзөт. Хемоген чөгүндүсүнөн пайда болгон. Запасы 559,486 т. 1959-жылдан жер астынан казылып, Нарын облусунун чарбалары малга берет. Хим. сырьё катары пайдаланса болот.