География:КАБАК УРАН КЕНДЕРИНИН ТОБУ: нускалардын айырмасы
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
КАБАК УРАН КЕНДЕРИНИН ТОБУ–Нарын облусунун Жумгал р-нунда, Көкмойнок өрөөнүнүн түн. капталында, Минкуш суусунун оң куймалары Асыкташ ж-а Чөпалачык сууларынын алабында, белгилүү көмүр кендеринин чегинде, деңиз деңг. 2000–3000 м бийиктикте. 1947-ж. табылган. 1947–50-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбон, юра, палеоген мезгилдеринин тоо тек катмарларынан турат. Бул топко Кашкасуу, Тууракабак. Агулак, Сасыкташ кендери кирет. Уран рудалануусу юра мезгилинин тууракабак свитасынын № 2, 3, 4, 5, 6 көмүр кабаттары м-н байланышкан. Уран рудалануусу көмүр кабаттарында ичке тилке, кабатча түрүндө кездешет. Рудалануу чөкмө тибине, көмүр-настурандуу формациясына кирет. Негизги руда минералдары: урандын гуматтары, настуран, урандын слюдасы, уран көөсү. Рудадагы урандын орт. өлчөмү 0,14%. 1952-ж. 1-январына карата бекитилген запасы: руданыкы–1932 миң т, урандыкы–2687,4 т. Кендер тобунда казып алуу иштери токтотулган.