География:КАБА ТЕМИР КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
1-сап: 1-сап:
Жалалабат облусунун Алабука р-нунда. Каба кыш-нан 30 км түн.-чыгышта, Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагында. Кабасай рудалуу талаасына жакын жайгашкан.
<strong>КАБА ТЕМИР КЕНИ</strong> Жалалабат облусунун Алабука р-нунда. Каба кыш-нан 30 км түн.-чыгышта, Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагында. Кабасай рудалуу талаасына жакын жайгашкан.
Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү.
Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү.
1951–64-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын ташкөмүр мезгилинде пайда болгон доломит м-н акиташ теги ж-а эффузив тоотектери, о. эле каледондун гранит-диориттери түзөт.
1951–64-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын ташкөмүр мезгилинде пайда болгон доломит м-н акиташ теги ж-а эффузив тоотектери, о. эле каледондун гранит-диориттери түзөт.

23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска

КАБА ТЕМИР КЕНИ Жалалабат облусунун Алабука р-нунда. Каба кыш-нан 30 км түн.-чыгышта, Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагында. Кабасай рудалуу талаасына жакын жайгашкан. Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1951–64-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын ташкөмүр мезгилинде пайда болгон доломит м-н акиташ теги ж-а эффузив тоотектери, о. эле каледондун гранит-диориттери түзөт. Руда акиташ теги м-н гранит-диорит интрузиясынын кошулган жеринде дого сымал ичке тилкени түзүп жатат. Мында скарн процесси пайда болуп, анын аяктоо мезгилинде тектон. терең жарака м-н тилмеленген. Натыйжада жарака аркылуу көтөрүлгөн гидротерм эриндисинен магнетит, галенит, пирит, сфалерит ж. б. минералдар пайда болгон. Негизги руда– магнетит. Жогорку сапаттуу. Т илкенин уз. 1,5 км, туурасы 0,5 м. Темирдин кондициялык өлчөмү 40%ке чейин. Запасы 1,5 млн т.