География:БЕЛОВОДСКИЙ (АКСУУ) КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:27 учурдагы соңку нуска
БЕЛОВОДСКИЙ (АКСУУ) КЕНИ–Чүй өрөөнүндөгү кум-шагыл жаткан жер. Сокулук р-нунда, Беловодск т. ж. бекетинен 4 км түш.-батышта. Аксуу суусунун боюнда. 1973-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында антропоген мезгилинин борпоң чөкмө тектери жатат. Кен Аксуу суусунун кашатын бойлой жайгашып, аллювий чөгүндүлөрүнөн турат. Шагыл таштар жакшы жумуруланган. Калыңдыгы 10 м. Шагылдардын 20 ммден жогоркусу 55%ти түзүп, майдалоону талап кылат. Куму 17,6%, ири ж-а орто бүртүкчөлүү. Арасында чаң м-н чопо 10%ке чейин; чаңын жууп тазалагандан кийин пайдаланууга сунуш кылынат. Кендеги шагыл-кумдан «300» маркасындагы бетон жасоого болот. Жол курууда колдонулат. Запасы А+В категориялары б-ча 2266 миң м3, С1–2342 миң м3.