География:АКШАГЫЛ АЛЮМИНИЙ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
disc_geo>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
23 ноябрь 2026, саат 19:26 учурдагы соңку нуска
АКШАГЫЛ АЛЮМИНИЙ КЕНИ Баткен р-нунда, Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы Акшагыл тоосунда, деңиз деңг. 1150–1921 м бийиктикте. 1963–66-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Руда тулкулары кыска линза ж-а уя сымал топтолуп, ортоңку девондун акиташ тегинде жатат ж-а ортоңку таш көмүр мезгилинин акиташ-доломит брекчиялары м-н жабылган. Руда тулкуларынын саны 60ка жетет, калыңдыгы 0,5–4 м. Руданын минералдык курамында диаспор-темирлүү боксит үстөмдүк кылат. Алюминий кычкылынын өлчөмү 52–57%, оттук таш модулу 4,3– 8,8% түзөт. Акшагыл кенинин бокситтери сапаты б-ча жогорку өнөр жайлык Б–3 ж-а Б–1 маркасына тиешелүү. Алюминий кычкылынын болжолдолуу запасы 391 миң м3.